Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Нарын

Эмгекчил айылындагы карыларга акчалай жардамдар көрсөтүлдү

Turmush -  Нарын районунун Эмгекчил айылында Карылар күнү белгиленип, айылдагы улгайган адамдарга сый көрсөтүлдү. Бул тууралуу айыл тургуну Темирбек Осмоналиев билдирди.

Маалым болгондой, Эмгекчил айылында 70 жаштан ашкан 102 адам каттоодо турат. Карылар күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 40 миң сом акча каражаты бөлүнүп, 70 жаштан 80 жашка чейинкилерге 300 сом, 80 жаштан 90 жашка чейинкилерге 400 сом, 90 жаштан 100 жашка чейинкилерге 1000 сом, ошондой эле 116 жаштагы карыяга 2000 миң сом акчалай жардам берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 472
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 28 адам окуп жатат)
×