Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Нарын

Памирлик кыргыздар Нарынга келгенден кийин атайын окуудан өтүшөт (фото)

Turmush -  Памирлик кыргыздарды Нарынга алып келүү үчүн даярдыктар көрүлүп жатат. Кечээ, 2-октябрда атайын түзүлгөн жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү.

Маалым болгондой, жыйынды өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Жаныбек Дюшеев алып барып, анда келе турган памирлик кыргыздардын коопсуздугун сактоо, медициналык кароодон өткөрүү жана көзөмөлгө алууну уюштуруу боюнча тийиштүү мекеме жетекчилери маалымат беришти.

Октябрь айынын ичинде 50 памирлик кыргыздар келет. Алардын арасында 30 жашка чейинки 30 адам бар. Азыркы тапта памирлик кыргыздардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша окутуу методикасын жана окуу планын иштеп чыгуу боюнча билим берүү тармагынын адистери даярдык иштерин жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2524
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×