Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 02.10.2017 15:35

Видео, фото: Жумгалдагы дүкөндөрдө сатылып жаткан ундан курттар чыкты, - тургундар

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы соода-сатык жайларда сатылып жаткан ундан курттар чыгып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Байзак айылынын тургуну Гүлзат Асылбекова билдирди.

Анын айтымында, 29-сентябрь жана 1-октябрь күнү Чаек айылынан сатып алган ундан майда курттар чыккан. Аны сүрөткө жана тасмага тартып алып, унду саткан сатуучуга көрсөтүп, акчасын кайтарып алган.

Ал эми, сатуучу мындай ундар дагы башка соода жайларда сатылып жатканын, ал Бишкек шаарындагы компаниянын өзүнөн алына турганын билдирди. Ошондой эле, курттаган ундар тез арада Бишкек шаарына кайра жеткириле турганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×