Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Нарын

Элдик уламыш: Бороонду-Сай айылы эмне үчүн Ак-Муз деп аталып калган?(фото)

Turmush -  Ат-Башы районунда Ак-Муз деп аталган айыл жайгашкан. Бул жерде 797 түтүн отурукташып, 3 миң 952 тургун бар, жалпы аянты 74 миң 926 га.

Айыл 1916-жылдарга чейин Бороонду-Сай айылы деп аталып келген.

«1916-жылга чейин аталган айылда калмактар жашашчу экен. Үркүндөн кийин кандайдыр бир себептер менен Кытайга кетишкен», - деди 63 жаштагы айыл тургуну Сагынбек Жунусалиев.

«Мен бул уламышты чоң аталарыман угуп, ушул жерде төрөлүп өстүм. Аталарыбыздын айтымында, айылда Бороонду сайда суу көп болуп, атчан адам да кечип өтө алчу эмес экен. 1910-жылдан 1916-жылга чейин айыл Бороонду-Сай деп аталган. Биздин аймакты 7-кылымдын аягы 8-кылымдын башында калмактар жердеп турчу экен. Анткени калмак дөбөлөр дагы ошол убакта пайда болуп, азыркы күнгө чейин бар. Үркүндөн кийин калмактар кандайдыр бир себептер менен Кытайга кирип кетишкен. Ошол 1916-жылы кышы өтө суук болуп, карлар жай ортосуна чейин ээрибей турган. 1916-жылдын аяк жагында Кытайга Абдылда, Сүйүндүк, Кулчун, Турсун аттуу басмачылар барышканда, ошондо бир калмак абышка менен ал-жай сурашып, сүйлөшүп жатып "Ак-Муз айылы Бороонду суунун кайсы жагына түштү? Күн чыгышынабы же күн батышынабы?" дегенде алар "күн чыгышына" деп жооп узатышкан. Ошондон улам азыркы күнгө чейин Ак-Муз айылы деп аталып келет», - деди С.Жунусалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3200
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 30 адам окуп жатат)
×