Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Кочкордогу 100 жаштан ашкан карыларга акчалай жардам көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Кочкордо Карылар күнүнө карата 100 жаштан ашкан адамдарга жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине белектер тапшырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, 1-октябрь — Карылар күнү Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов райондогу кары адамдардын жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин үйлөрүнө барып, алардын жашоо шарты менен таанышып, майрамы менен куттуктады. Ошондой эле, аларга бир кап ун жана азык-түлүктөрдү тапшырды. Мындан тышкары, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан жүз жаштан ашкандарга акчалай жардамдар берилди. Карыялар акимге ыраазычылыгын билдирип, ак баталарын беришти.

Белгилей кетсек, Кочкордо жүз жаштагы жана жүздөн ашкан беш адам, ошондой эле беш Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 771
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×