Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Нарында «Нарын даамы» фестивалы өтүп жатат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 30-сентябрда Нарын шаарындагы К.Мамбеталиев атындагы облустук тарыхый-этнографиялык музейде «Нарын даамы» музей туризм этнофестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу музейдин жетекчиси Анара Сабитова кабарчыга билдирди.  

Анын айтымында, иш-чарага чет элдик туристтердин катышуусу күтүлүүдө. Фестиваль кыргыз элинин тамак-аш менен байланышкан салттарын, ырым-жырымдарын сактоо жана жайылтуу максатын көздөйт.  

«Аталган фестиваль улуттук азык-түлүктөрдүн, суусундуктардын баалуулугун арттырган Табылды Эгембердиевдин элесине арналат. Иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлөр жасаган эмгектердин көргөзмөлөрү жана кароо-сынактар уюштурулат. Ошондой эле, тамак-аштардын жасалышы боюнча мастер-класстар болот. Мындан тышкары, улуттук оюндар боюнча таймаштар өтөт. Фестивалдын жыйынтыгында чакан концерттик программа тартууланат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 489
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×