Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Нарын

«Жеңеке»: Шаарда өскөн уйгур кызы Малика ата-энесинин каршылыгына карабай Нарынга келин болду (фото)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну Малика Азизжанова. Ал Нарын облусунун 26 жаштагы тургуну Кошой Үсөновго турмушка чыгып, учурда 1 баланы тарбиялоодо.

Маликанын айтымында, алардын баш кошуусуна алгач ата-энелери каршы болушкан.

«Мен Бишкек шаарында төрөлгөм, ата-энем уйгур улутундагы адамдар. Комсомол орто мектебин окуп бүтүп, №91 кесиптик лицейде кондитердик багытта билим алдым. Кийин кафелерде ашпозчу болуп эмгектенип жүрдүм. Мен мектепте окуп жүргөндө «Агент» социалдык тармагы аркылуу сүйлөшүү популярдуу эле. Кошой экөөбүз дагы «Агенттен» таанышканбыз. Башында уялып, жолукпай качып жүрдүм. Көп жолу жолугушууга чакыргандыктан бардым. Алгач дос катары сүйлөшүп жүрүп, достук мамилебиз сүйүүгө айланды. Бирок мен чакырууларына көп барган жокмун, себеби ата-энем кыргыз жигитине турмушка чыгуума каршы эле. Анын дагы ата-энеси башында каршы болушкан экен. Бирок ага карабай биз 5 жыл сүйлөшүп жүрдүк.

Бир күнү үйгө уйгур улутундагы адамдар мага куда түшүп келишти. Ата-энем мени берүүгө макул болушту. Кошойго айтсам ал 10-октябрда таң эрте мени ала качып кетти. Жолдон ата-энесине кабар берип: "Мен уйгур кызга үйлөнөм же болбосо эч качан үйлөнбөйм", - деп телефонду өчүрүп койду. Мен өзүм дагы ыңгайсыз абалда болдум. Ата-энем алыскы Нарынга кеткениме кайгырып, эки жума ыйлап, акыры көнүштү», - дейт Малика Азизжанова.

Ал кайненеси кыргыздын каада-салттарын акырындык менен үйрөтүп жаткандыгын кошумчалады.

«Үйлөнгөнүбүзгө бир ай болгондо кайнатам сөйкө алып келип, кайненеме кулагыма так деп берди. Атаңа ыраазычылык билдирип кой дешсе мен кайнатамды кучактап, бетинен өптүм. Бирок кайра уялып кетип, көпкө чейин жаман абалда болдум. Күндө эртең менен эрте туруп короо шыпырып жатсам, чоң кайненем: "Бизде аялдар короо шыпырбайт, уят болот, короону эркектер шыпырат" деди. Үйдөгүлөр мени шаарда өскөн кыз уй сааганды билбейт деп ойлошуптур. Уй саап жатканымда тизилип алып карап турушту. Мен уйду тез саап бүтүп, чаканы алып барсам таң калышты», - дейт Малика.

Ал учурда өзүн эң бактылуу келин деп эсептейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12883
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×