Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Кочкордо унаа уурдаган 47 жаштагы киши кармалды

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында кечээ, 26-сентябрда «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаа уурдалып, ошол эле күнү патрулдук милиция тарабынан аталган унааны уурдаган адам кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Оторов билдирди.

Маалым болгондой, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө Ак-Кыя айылынын 43 жаштагы Т.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 26-сентябрь күнү болжол менен саат 12:30 чамасында белгисиз адамдар «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаасын айдап качып кеткенин билдирген.

Бул окуя боюнча патрулчулар жүргүзгөн ыкчам издөө иш-аракеттердин натыйжасында Кочкор айылынын 47 жаштагы К.Ж. аттуу тургуну кармалган. Сурак учурунда ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Кочкор РИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 647
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×