Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Фото - Нарында Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Turmush -  Нарын шаарында 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканада «Улуттун улуу дөөлөтү, ыйык мурасы — эне тил» аттуу адабий-музыкалык кече өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган кечеге мектеп окуучулары, аскер кызматкерлери, студенттер, мугалимдер жана өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева катышты. Кеченин башталышында Ж.Ибраева катышуучуларды куттуктап, кыргыз тилинин өнүгүшү жана анын келечеги жөнүндө сөз сүйлөп, тилди өнүктүрүүгө ар бир жаранды өз салымын кошууга үндөдү. Андан соң, китепкана кызматкерлери уюштурулган көргөзмө менен тааныштырышты. Мектеп окуучулары «Манас» эпосунан үзүндү айтып, кыргыз тилин даңазалаган ырларды көркөм окушту.

Ошондой эле, Нарын педагогикалык окуу жайынын студенттери даярдаган чакан программадагы концертин тартуулашты. Кече кыргыз тилин өнүктүрүүгө өз салымын кошкондорго «Ыйык тил» төш белгисин тапшыруу менен жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 643
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×