Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Кочкордо окуучулар жөө жүрүшкө чыгышты (фото)

Turmush -  Кочкордо Бүткүл дүйнөлүк тынчтык күнү белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Нинакан Жүндүбаева атындагы орто мектебинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Айнура Касымалиева билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чаранын алкагында Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева, Ишеналы Арабаев атындагы орто мектептеринин окуучулары «Көгүчкөн тынчтыктын символу» аталышындагы акция өткөрүп, жөө жүрүш кылышты. Ошондой эле окуучулар тынчтык тууралуу ырларды окуп, көгүчкөндөрдү асманга учурушту.

Бул дата БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1981-жылдын 30-ноябрында өткөн 36-сессиясында кабыл алынып, 2002-жылдын 21-сентябрынан тарта белгиленип келет. Башкы Ассамблея бул күнү дүйнө жүзүн зордук-зомбулук менен ок атышууну токтотууга чакырат. Ар жылы 21-сентябрь күнү Тынчтык коңгуроосу кагылып, Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы кайрылуу жасайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 547
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×