Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Фото - Ак-талаалык 3 эмге 7 бөлмөлүү үй, 4 баш уй жана 20 кой берилди

Turmush -  Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы 3 эмдүү үй-бүлөгө президент Алмазбек Атамбаев  тарабынан Баетов айылынан 1 млн сомдук үй берилди.

Маалым болгондой, бүгүн, 20-сентябрда 3 эмдин атасы Капарбек Исаев менен апасы Айгүл Чотуровага үйдүн ачкычын тапшыруу үчүн президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев Баетов айылына келди. Ал 3 эмдүү үй-бүлөгө президент тарабынан берилген 7 бөлмөлүү үйдүн ачкычын, ошондой эле 2 уй жана 10 кой сатып алуу үчүн 150 миң сом тапшырды.

Андан сырткары, өлкө башчысынын мурунку кеңешчиси Калыкбек Султанов тарабынан 3 эмдин ата-энесине 2 уй, 10 баш кой берилди.

Ак-Талаа районунун акими Семетей Черикбаевдин айтымында, 3 эмдин ата-энесине үй алып берүү үчүн Баетов айылынан 8 турак үй тандоодон өткөн.

«Бул турак үйлөрдүн бирин 3 эмдин ата-энеси өздөрү тандап алышты», - деди ал.

Буга чейин көп балалуу үй-бүлө балдарды жакшы шартта өстүрүү үчүн жардам сурап кайрылышкан.

Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылынын 44 жаштагы тургуну Исаев Капарбек менен 40 жаштагы Айгүл Чотурова 2016-жылы 25-октябрда үч эм уулду болушкан.

Үч эмди жарык дүйнөгө алып келүүгө көмөктөшкөн облустук оорукананын төрөт бөлүмүнүн тажрыйбалуу дарыгери Бегай Үмөтованын айтымында, алардын салмагы 1890 грамм, 1700 грамм жана 1600 грамм болчу. Учурда алардын абалы жакшы, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Turmush басылмасынын кабарчысына дарыгерлер билдиргендей, кош бойлуу эне ооруканага түшкөндө үч эм эмес, эгиз балдар төрөлөт деп күтүп жатышкан. Кандайдыр бир себептер менен УЗИден текшерүүдөн өткөндө алардын бири көрүнбөй калган.

Капарбек менен Айгүл буга чейин 5 балалуу болушкан. Айгүлдүн айтымында, 4 жаштагы жалгыз кызы Айпериге шерик кылып кыз төрөйм деген үмүттө жүргөн. Эми алар 7 уулдун жана 1 кыздын ата-энеси болушту. 

 Нарында 3 эм балалуу болгон жубайлар үй курууга жардам сурайт (фото)

Нарында төрөлгөн 3 эмдин ата-энеси президентке кайрылуу жолдоду (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 18663
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×