Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баткен облусу, Баткен 20.09.2017 09:12 Жаңыланды: 13.03.2018 18:12

Эл ичи — өнөр кенчи: Баткендик З.Момунов 5 саатта 1 портрет тартат (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын 24 жаштагы тургуну Замирбек Момунов портреттерди тартып акча таап жатат. Аймактык кабарчы сүрөтчү менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, эркек кишинин портрети 1000 сомдон жогору, аял кишиники 1500 сомдон жогору бааланат. Себеби аял кишинин сүрөтүн тартуу көбүрөөк эмгекти талап кылат.

«Портреттерди атайын буйрутма менен гана тартам. Көбүнчө жигиттер сүйгөн кыздарынын портреттерин тарттырып кетишет. Аялдар күнү, сүйүшкөндөр күнү сыяктуу майрамдарда жигиттерден буйрутмалар көп түшөт», - деди ал.

Замирбек Момунов бала кезинен тарта сүрөт тартууга кызыгып, Көркөм сүрөт академиясында билим алган. Сүрөт тартууда эргүүнүн келишине карайт. Эгер эргүү болсо 5 саатта бир кишинин портретин тарта алат. Эгер эргүү жок болсо сүрөт 1 айлап болсо да соңуна чыкпай тура берет. Учурда скульптор жана сүрөтчү болуп эмгектенүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×