Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Ак-муздук Владислав жердештери үчүн заманбап трактор жасап жатат (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын 57 жаштагы тургуну Владислав Молдосариев темир устачылык менен алектенип келет. Ошондой эле, учурда трактор жасап жатат. Ойлоп табуучу менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын документтеги ысымы Владислав Молдосариев болсо, кийин ысымын Келгенбай деп өзгөртүп алган. Учурда айылдаштары аны Келгенбей деп таанышат. 56 жылдан бери Ак-Музда жашап жаткан устанын атасы кыргыз, апасы орус кызы.

Устанын айтымында, атасы темир устачылык менен алектенип, ага жардам берип жүрүп бул кесипке кызыгып калган.

«Атам Абдрахман темир уста болчу. Бала кезимден эле атама жардам берип жүрүп, көргөн техникалардын макетин зымдан жасачумун. Кийин кызыгуум артып, 1989-жылы бир жыл бою трактор жасап чыктым. Жасаган эмгегиме өзүм канааттанып, демек жасаса болот экен деген ой менен экинчи тракторду жасап жатам. 2015-жылы заманбап трактор жасоо оюма келди. Бул тракторду айылдаштарыма жардам берүү жана айыл чарбасына  керектөө максатында жасагым келет. Учурда трактор өзү даяр болуп, бирок шаймандары бүтө элек. Керектүү тетиктерди тааныштардан чогултуп чыктым. Ошондой эле, кошунам Сагынбек чоң жардам көрсөттү», - деди ал.

Кол өнөрчү 23 жылдан бери ижарага чакан ишкана иштетип келет.

«Өзүмдүн кесибим трактор айдоочу. 1978-жылы Ат-Башы районундагы №2 кесиптик лицейди аяктадым. 1988-жылга чейин айлыбызда трактор айдоочу болуп иштеп, ушул эле жылы Ат-Башыдан 1 ай билим алдым. Айылыбызга устачылыкка алынып, ушул күнгө чейин эмгектенип келем.

Союз тарагандан кийин чоң атамдан калган суу тегирменди 1992-жылдан 2002-жылга чейин иштетип калдым. Ошондой эле, 1994-жылдан бери ижарага алган чакан ишканабыз иштеп жатат, учурда бир жардамчым бар. Алдыда бул чакан ишканамды өркүндөтөйүн деген оюм бар», - деди ал.

В. Молдосариев колхоздогу жана коомдук иштердеги активдүүлүгү үчүн бир катар ардак грамоталар менен сыйланган.

Жубайы Е.Арпачиева экөөнүн баш кошконуна 31 жылдын жүзү болду. Алар 4 баланын жана 5 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1254
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×