Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Миң-куштуктар айылга баруучу унаа жолдун жасалбай жатканына нааразы (фото)

Turmush -  Жумгал районунун алыскы Миң-Куш айылына баруучу жол күн өткөн сайын тарып жатканына жүргүнчүлөр нааразы болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Мурат Семетей уулу билдирди.

Анын маалыматында, Арал менен Миң-Куш айылдарынын ортосундагы унаа жол көмүр тарткан унаалардын айынан тарып бара жатат.

«Бул жолдун азабын жолдо жүргөндөр гана түшүнөт. Учурда жолубуз эки капталдан тарып келет. Жалаң көмүр тарткан унаалардын айынан жолго 2 унаа катарлаш жүрө албай калды. Абал жакшы эмес, буга көз салып койгон жергиликтүү бийликте бир жан жок. Болбосо көмүр тарткан унааларды колдонсо же көмүр казган ишканаларды колдонсо алардын техникалары жолдун нугун кеңейтип коюшмак», - дейт М.Семетей уулу.

Бул маселе боюнча Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекемеси жол жасоого жана жолдун нугун кеңейтүүгө акча каражаты жок экендигин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 735
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×