Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Лейлекте жаңы окуу жылында 2 мектеп курула баштады

Turmush -  Лейлек районунда быйылкы жаңы окуу жылында 2 мектептин жаңы имараттары курула баштады. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, мектептер Жерүй кенинен түшкөн каражатка курулууда. Район боюнча жалпы 67 мектеп болсо, анын ичинен Катраң жана Бешкент айыл өкмөттөрүндөгү 2 мектеп авариялык абалга келген. Буга чейин райондо 2 мектеп курулган болчу.

Быйылкы жаңы окуу жылында Лейлек районундагы мектептерге 3050 окуучу кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 351
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу