Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Видео, фото - Кыргызстандыктар Жапонияда айыл чарбанын сырларын үйрөнүп жатышат

Turmush -  Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айыл аймагынын башчысы Кемпирбек Эрмеков бир айдан бери Жапониянын Хоккайдо облусунда айыл чарба багытында окуп жатат. Аны менен аймактык кабарчы байланышты.

Өзүнүн айтымында, К.Эрмеков менен бирге Кыргызстандан барган ар кайсы тармактын өкүлдөрү да окуп жатышат.

«Биздин бул жакка келүүбүздүн башкы максаты айыл чарба тармагындагы ыкмаларды үйрөнүп, аны өзүбүздүн өлкөдө колдонуу. Жапон өлкөсүндө бардык шарттар түзүлгөн. Ал жерде жашаган адамдар кичи пейилдүүлүгү менен айырмаланат. Сугат иштеринде маселе жокко эсе, анткени климаты жаанчыл экен. Айыл чарба тармагы өнүгүп, бардыгы механизм менен жабдылган. 50-60 га жерди бир үй-бүлө иштеткен учурлар да кездешет. Себеби бардык техника менен камсыз болушкан. Ар бир дыйкан өзүнө керектүү тетиктерди жасап алат экен. Чоң техникадан баштап, кичинекей отоочу шаймандарга чейин жасашат. Эгер жасаган техникасын андан ары өнүктүрөм десе, патент алып, базарга сата беришет. Тейлөө тармагы толугу менен автоматташтырылып, ага бир да адам катышпайт. Ал жактан түшкөн акча башка адамдардын чөнтөгүнө кетпестен, мамлекеттин казынасына түшөт. Ошондой эле, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга өзүнчө жол салынган», - деди ал.

Анын айтымында, жапондор жаратылышка абдан аяр мамиле жасашат.

«Табиятка жакшы мамиле жасашат экен. Ал жакта бактарды кыюу боюнча маселе дээрлик жокко эсе. Жапайы өскөн бактар алынып, алардын ордуна кооздук берүүчү бактар отургузулган. Жергиликтүү калк саясатка кийлигишпейт экен. Жакшы турмуш эмгектин аркасы менен гана болот деген түшүнүк мыйзам сыяктуу кабыл алыныптыр. Айыл менен шаардын ортосунда айырмачылык деле жок. Шаарларда түзүлгөн шарт айылдарда да бар экенин байкадым. 5 миллиондон ашык калкы бар бул өлкөдө жол эрежелери жакшы сакталып, унаалардын тыгыны жокко эсе. Ошондой эле, тургундардын көбү метро менен жүрүшөт. Коопсуз шаар дегенди ушул жактан көрсө болот. Бардык жерде тартип, тактык, жоопкерчилик өкүм сүргөн. Таштандылар иштетилип, калдыктарды калтырып, экологияны булгашпайт. Мына ушуларды биз да үйрөнүшүбүз керек. Кыргызстанда элдин өнүгүүгө болгон умтулуусу бар. Жапон өлкөсүндөгү өнүгүүлөр бизге да келет деген аруу тилектемин», - деди ал.

К.Эрмеков Жапонияда бир отуруп тамак ичүү биздин акча менен 500 сомдон жогору жана дем алыш күндөрү метрого жол кире арзан болорун кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 571
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу