Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Бирликтеги курулушу бүтпөгөн мектеп көгүчкөндөрдүн мекенине айланды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылындагы жаңы салынып жаткан орто мектептин курулуш иштери токтоп, ээн калгандыгына байланыштуу көгүчкөн байырлаган имаратка айланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, элеттеги С.Мурзакматов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушу көптөн бери бүткөрүлбөй, окуучулар авариялык мектепте окуп келишет.

Мектептин кызматкерлеринин маалыматына караганда, эскилиги жеткен мектеп бул жылы да акталып-сырдалып, окуу жылына даярдалып, окуп башташкан. Бирок мектептин бир имаратынын кыйшайып урайын деген дубалы атайын тирөөчтөр менен тирелип, авариялык абалда болгондуктан айыл тургундары балдарын окууга жиберүүдөн кооптонушат. Авариялык мектептин жанына 2013-жылы жаңы имарат курула баштап, бирок акчанын жетиштүү бөлүнбөй калгандыгынан токтоп калган.

«Жаңы мектеп 2013-жылы курулуп баштаган. Бирок ушул күнгө чейин курулушу бүтө элек. 250 орундуу жана бир кабаттуу мектепке биринчи транш менен Түркия грантынын эсебинен 23 млн сом бөлүнгөн. Бул каражатка мектептин дубалы тургузулуп, шыбалып, чатырлангандан кийин бюджеттин тартыштыгынан улам 2015-жылы курулуш иштери токтоп калган. Быйылкы жылдын биринчи жарымында республикалык бюджеттен 5 млн сом каражат каралып, кайрадан улантылган. Бирок бул каражатка жаңы мектеп толук бүтөт деп айтуу кыйын. Курулушту толук бүткөрүп, ишке берүү үчүн дагы 30 млн сомдой каражат керектелет экен», - деди мектептин мүдүрү Айбек Исаев.

Ал быйылкы окуу жылында балдарды кооптонуу менен авариялык абалдагы мектепке кабыл алып, окутуп башташканын кошумчалады.

«Өткөн окуу жылын жаныбызды оозубузга тиштеп, кырсык болуп кетпесин деп тиленип жатып бүткөрдүк. Алдыдагы окуу жылында окуучуларды кабыл алуу чындыгында кооптуу болду. Айылда убактылуу кирип, окутуу процессин жүргүзүүгө башка имараттар жок. Мына ушундай аргасыз абалда турабыз», - деди мектеп мүдүрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 731
Комментарии
Обсуждения закрыты
комментарий удален администрацией сайта
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу