Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Ысык-Көл

Ак-Суудагы мектептерге музыка, сүрөт, чийүү сабактары боюнча 11 мугалим жетишпейт

Turmush -  Ак-Суу районунун айылдарындагы мектептерде музыка, чийүү, сүрөт тартуу сабактары боюнча мугалимдер жетишсиз болгондуктан окуучуларды кесиби туура келбеген мугалимдер окутууга аргасыз. Бул тууралуу Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, Ак-Суу районунда негизги предметтерден мугалимдер жетиштүү болгону менен музыка, сүрөт, чийүү сабактарынан район боюнча 11 мугалим жетишпейт.

«Мугалимдердин жетишсиздигинен улам бул сабактарга саат өтө аз коюлган. Ошондуктан окуучуларды кесиби туура келбеген мугалимдер окутууга аргасыз болушууда», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1684
Көп окулду
×