Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Фото - 22 жаштагы Эрмек өзүнөн 11 жаш улуу жубайын Россиядан жолуктурду

Turmush -  Сүйүү жашка карабайт... Бирок бул сөз жашоодо кадыресе айтылганы менен коомчулукта жубайлар ортосундагы жаш айырмачылык кызуу талкууга алынып келет. Ал эми, каарманыбыз Эрмек адамдын жашы анын акылын аныктабайт, ал жөн гана сан, деп эсептейт.

Кыргызстандагы жаштардын №1 Limon.KG басылмасы бул жолу 22 жаштагы Мансур уулу Эрмектин өзүнөн 11 жаш улуу жубайы Наргиза Сыргабаеваны Москва шаарынан кандайча жолуктуруп калганы тууралуу маегин жарыялады.

1857d025159b036f79424952508c42f4

Алар Москвадагы сулуулук салондордун биринен таанышкан. Наргиза жолдошунан 11 жашка улуу, бирок жаш жубайлар эч кандай ыңгайсыздыкты сезишпейт жана алар абдан бактылуу. Эрмек жаш курактагы айырмачылык жөн гана сан экенин айтып, эгер кыз-жигит бири-бирин чындап сүйсө, ал мааниге ээ эмес экендигин белгиледи.

b70a66f7fd341fb0a3c9bac70d4333ff

«Учурда студентмин, 22 жаштамын. Москва шаарындагы Останкино телеберүү жана радио институтунда кинорежиссер багытында билим алып жатам. Ошондой эле, фото-сүрөтчү болуп иштеп, кошумча акча табам. Үй-бүлөбүздө атам жалгыз иштегендиктен Москвага иштегени келгем. Үйдүн улуусумун, эки иним жана бир карындашым бар. Алар азыр кичинекей.

c5e833687d0a84801f8032522637bba5

Москвада жашап жүргөндө үйлөнүү тууралуу чечим кабыл алып, жубай издей баштадым. Бир күнү кокусунан сулуулук салонуна кирип, ал жерден келечектеги жубайымды жолуктурдум. Азыркыга чейин анын мага жагымдуу жылмайганы эсимде. Аны көргөндө жүзүм албырып, жүрөгүм тез согуп баштады. Эмне айтарымды билбей, чачымды кыскартып берүүсүн сурандым. Көпкө чейин телефон номурун кандай жол менен алсам деп ойлонуп, акыры сурап алдым. Үч күн бою ага билдирүү жаза алган жокмун. Андан кийин жазсам, Наргизадан жооп келген жок. Сарсанаа болуп, анын жооп берээрине шек санап жаткам. Үч күн өткөндөн кийин мага андан жооп келди. Чексиз кубандым, мен үчүн анын жашы мааниге ээ эмес болчу. Адамдын жашы анын акылын аныктабайт, ал жөн гана сан. Жубайымдын аты-жөнү Наргиза Сыргабаева, ал 33 жашта. Шаардагы сулуулук салондордун биринде эмгектенет. Жакынкы мезгилдерде өзүнүн сулуулук салонун ачууну пландап жатат.

8a0ae6e1670bcb0701ccfcc14f8a6cf7

Телефон аркылуу сүйлөшүп, ага жолугууну сунуштадым. Ал менин сунушумду четке какпай, экөөбүз метродон жолуктук. Алгачкы жолугушууда эле ага жүрөгүмдү арнадым. Биз үч күн катары менен жолуктук. Наргиза ойлонуп, менин сунушума макул болуп, жубайым болуу чечимин кабыл алды. Ошентип, биз никебизди кыйдырдык. Наргиза экөөбүз баш кошконубузга бир ай болгондо гана менин жашымды билди. Менден мындай маалыматты уккан жубайым алгач капа болуп, бир нече убакыт өткөндөн кийин гана тынчтанып калды. Мен аны бактылуу кылууга сөз берип, ага болгон сүйүүмдү далилдей баштадым. Ар дайым жубайымдын жанында болуп, аны колдоп, белектерди берип турдум. Ал мага ишене баштады. Жубайыма менин ага кечки тамак жасап бергеним өзгөчө жагат. А мен ар дайым аны таң калтырууга аракет кылам. Ушул жылы чогуу жашаганыбыздын беш жылдыгын белгилеп, ага 101 даана роза гүлүн белек кылдым. Гүлдөрдү көргөндө абдан кубанды», - деди ал.

714b52c964b350c14a9738d06ca04205

Эрмек ар бир үй-бүлөдө кыйынчылыктар болорун жана аны жеңе билүү керектигин айтты.

«Бардык үй-бүлө курган адамдар кыйынчылыктарды көрөт. Мен жумушумду таштап, өзүмдүн ишимди ачып жатканда биз да кыйынчылыктарга учурадык. Бирок жубайым экөөбүз аны бирге жеңдик жана үй-бүлөбүз да бекемделди. Биз башынан эле үйлөнүү тоюбузду 07.07.2017 датасында өткөрөбүз деп сүйлөшкөнбүз. Никебиз кыйылгандан кийин үлпөт той өткөрүүгө каражатым жок болчу. Атама карыздарын төлөгөнгө жардам беришим керек эле. Сөзүмө туруп, атама көмөктөштүм. Каражат топтоп, үйлөнүү тоюбузду Москва шаарында өткөрүп, 150 киши чакырдык. Ага апамдан башка жакындарым жана досторум катышты. Тилекке каршы, апам тойго чейин көз жумду. Тойго жубайымдын туугандары жана ата-энеси да чакырылган.

Үйлөнүү тойго чейин анын ата-энеси менин жашымды билишкен эмес. Аны билишкенден кийин кубанычта гана болушту. Наргиза экөөбүз беш жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жатабыз жана бактылуубуз. Жакында үй-бүлөбүз толукталат, жубайым кош бойлуу. Анын биринчи никесинен 3 баласы бар. Эки баласы Кыргызстанда, кичүү уулу биз менен жашайт. Анын аты Темирлан, 7 жашта. Мен аны өзүмдүн баламдай жакшы көрөм», - деди ал.

42f16ff91a434ba1551aa0b698cb2a77

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 52406
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
oma_82
01:37, 16 сентября 2017
Да месяц тому назад давали эту инфу! Я заметил в последнее время повторяетесь!
Нет аватара
Smirnoff
16:46, 15 сентября 2017
Жумуш квартира жок темселеп кыйналса керек жигит.Айла жок уйлонду да.Кийинчерек жаш кыз таап баса берет.
Нет аватара
abdirsimn...
09:16, 15 сентября 2017
Бактылуу уйбулолордон еле болсо болду!
комментарий удален администрацией сайта
комментарий удален администрацией сайта
Нет аватара
uzgamer
00:07, 15 сентября 2017
Privet vsem
Нет аватара
avazkarakchy90
21:35, 14 сентября 2017
бактылуу болгула жигарларим
комментарий удален администрацией сайта
комментарий удален администрацией сайта
комментарий удален администрацией сайта
комментарий удален администрацией сайта
аватар
Sagynbaev_95
14:21, 14 сентября 2017
Временно!
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу