Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү С.Жээнбековду колдой турганын билдиришти

Turmush -  Бүгүн, 14-сентябрда АКИпресс-Ошто «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөлөрү маалымат жыйын курушту. Алар президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдой турганын расмий жарыялашкан.

«Биздин партиянын саясий кеңешинин чечиминин негизинде президенттик шайлоодо С.Жээнбековду бир добуштан колдойбуз. Ал жөнөкөй мугалимдик кесиптен баштап, премьер-министрликке чейин жетти. Сооронбай Шарипович колдой турган талапкер. Ал коомдук ишмердүүлүгү, тазалыгы, ыймандуулугу, чынчылдыгы, кесипкөйлүгү менен урмат-сыйга татып келе жатат. "Мекеним Кыргызстан" партиясы Кыргызстандын 10 шаарынан колдоо тапкан партия. Ошондуктан биздин партиянын мүчөлөрү жана шайлоочулары бир добуштан Жээнбековду колдойбуз», - деди аталган партиянын мүчөсү Ашим Осмонов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 632
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу