Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Баракелде

Тажикстанда президент Э.Рахмонду узатуу учурунда аэропорттун жетекчиси каза болду

Turmush -  Тажикстандын Хорог шаарындагы аэропорттун жетекчиси президент Эмомали Рахмонду Дарваз районунан Душанбе шаарына узатуу учурунда каза болду. Бул тууралуу тажикстандык ЖМКлар маалымдады.

Маалыматка караганда, 60 жаштагы Дилдор Максудшоев президенттин тик учагы уча баштаган учурда килемдин үстүндө турган. Тик учактын чамбиреги катуу айланган учурдагы шамалдан улам Д.Максудшоев турган килем оодарылып кеткен. Килем шамалдын күүсү менен жакын турган ташка тийген. Дилдор Максудшоев оор жаракат алып, ооруканага бара жаткан учурда каза болду. Укук коргоо органдары окуяны кокустук катары баалап жатышат.

Борбор Азиянын мамлекеттеринде жогорку кызматтардагы адамдарды тосуп алууда, узатууда бут алдына килем төшөө көрүнүшү бекем сакталган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11007
Көп окулду
×