Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Чүй

«Жубайлар»: И.Токонов менен Р.Сатыналиева айылга бала бакча куруп, бир жыл бекер иштешкен (фото)

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Аламүдүн районунун Тоолуу Маевка айылынын тургундары Иманмади Токонов менен Роза Сатыналиева.

И.Токоновдун айтымында, жубайы менен мектепте иштеп жүргөн учурда таанышып калган.

«Мен 1970-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында жарык дүйнөгө келгем. Жубайым 1969-жылы Ак-Талаа районунун Баетов айылында төрөлгөн. Мен жогорку окуу жайды Россиянын Свердлов шаарчасында окуп бүтсөм, жубайым азыркы Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин 1994-жылы аяктаган. Ал окуу жайды аяктаган жылы 2-ноябрда баш коштук. Мен ал жылдары Тоолуу Маевка айылындагы мектепте мугалим болуп иштеп жаткам. Бир күнү болочок жубайым биздин мектепке келип, жумушка орношуп калды. Чогуу иштешип жүрүп, бири-бирибиздин жылдызыбыз келишип, жактырышып калдык. Ошентип колун сурап, баш кошууга макулдугун алдым. Жубайлар бири-бирин түшүнүп, ысык-суукта колдоп, кеңешип иш кылышса бактылуу үй-бүлө курулат», - деди Иманмади мырза.

Ал эми Роза айым жолдошун жактырып, кубануу менен турмушка чыкканын белгиледи.

«Бир окуя болгон. Анда жолдошум экөөбүз мончо жагып жатканбыз. Бир маалда Иманмадинин бутун аары чагып, мен аябай чочуп кеттим. Жолдошумдун бутунан ошол замат аарынын ийнесин жана уусун чыгарууга аракет кылдым.

Чынында жолдошумду жактырып турмушка чыктым. Биздин бактылуу күндөрүбүз абдан көп болгон. Алардын бирин айтып берейин.

Биздин айылда бала бакча жок болгондуктан 2007-жылдары жолдошум айыл тургундары, аяштары, жоро-жолдоштору менен 2 күндүн ичинде ашар жолу менен бала бакчанын имаратын курушту. Андан кийин жолдошум экөөбүз бала бакчанын ичин жасап, бир жыл бекер иштегенбиз. Кийинки жылы бала бакча ачылып, аны жолдошум "Жаӊы кадам" деп атады.

Биздин айылда Кулмырзаев Тургун деген атабыз бар. Ал атабыздын жардамы менен ичине керектелүүчү эмерек, идиш-аяктар алынган. Бала бакча курулуп бүткөндөн кийин өз балдарыбызды ал жерге киргизип, абдан бактылуу болгонбуз. Балдарыбыз үчүн көп иш жасап, алардын ийгиликтерине күбө болуу эң чоң бакыт эмеспи», - деди Роза айым.

Жубайлар айылдын, мектептин уюштуруу иштерине активдүү катышып, жаӊы жыл майрамында аяз ата, аяз кыздын ролдорун жаратып, балдарга жакшы маанай тартуулап келишет.

Учурда алар 4 кыз жана 1 уулду тарбиялап өстүрүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 674
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×