Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө быйылкы жайкы сезондо 38 чет өлкөлүк турист ар кандай кылмышка кабылган

Turmush -  Ысык-Көл облусунда быйылкы жайкы эс алуу учурунда чет өлкөлөрдөн келген туристтерге карата 38 кылмыш жасалган. Бул тууралуу ОИИБден маалымдашты.

Маалыматка караганда, жалпы катталган кылмыштардын 17 учуру эс алуу учурунда жеке буюмдарды уурдоого байланыштуу болгон. Ал эми, 11 учур бөөдө кырсык катары катталган. Денеге залал келтирүү боюнча 2 учур, ээнбаштык боюнча 1, жоготуу 5, дайынсыз жоголуу 1, зордуктоого аракет кылуу боюнча 1 учур катталган.

«Жайкы эс алуу учурунда Россиянын 13, Казакстандын 17, Германиянын 1, Польшанын 2, Бельгиянын 1, Өзбекстандын 2, Болгариянын 1, Швейцариянын 1 жаранына карата кылмыш иштери жасалган», - деп айтылат маалыматта.

Жайкы эс алуу маалында жалпы 514 кылмыш иш катталып, ал былтыркыга салыштырмалуу 34 учурга аз болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 527
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×