Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Чолпон-Атада элди окутуу борборунун иштери талкууланган эл аралык форум өттү (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл райондук элди окутуу жана өркүндөтүү борбору тарабынан эл аралык форум өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Форумга элди окутуу борборунун өкүлдөрү, калктын калың катмарын кыска мөөнөттүн ичинде бир кесипке окутууга колдоо көрсөткөн өнөктөштөр жана 19 өлкөдөн келген өкүлдөр катышты. Форумдун алкагында Ысык-Көл райондук элди окутуу жана өркүндөтүү борбору тарабынан жасалган иштер талкууга алынды. Ошондой эле, борбордон билим алган адамдар мындан ары да бирдиктүү кызматташууну уланта беришерин белгилешти.

Белгилей кетсек, элди окутуу борбору көбүнчө тейлөө багытында каалоочуларга билим берип келет. Буга чейин Ысык-Көл районунда 20 кыз-келин бак өстүрүү, түшүмдүүлүктү арттыруу боюнча окуудан өтүшкөн. Ошондой эле, 15 аял үй шартында тоок багуунун ыкмаларын үйрөнүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 549
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×