Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Фото - Моңолдор айылынын тургуну багып алган чаарчык Караколдогу зоопаркка жеткирилди

Turmush -  Жайыл районундагы Моңолдор айылынын тургуну багып алган эликтин түлөй элек чаарчыгы Каракол шаарындагы зоопаркка жеткирилип, ага Кыял деген ысым ыйгарылды, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Зоопарктын директору Салтанат Сеитованын айтымында, чаарчыкты Караколго жеткиргенге чейин Бишкектеги клиникалардын биринде текшерилип, тиешелүү дары-дармектерди алган.

«Ыйлап жатат, өтө алсыз. Кыялдын ден соолугун жакшыртуу үчүн болгон аракеттерди кылабыз. Азыркы тапта ал адаптация болуп жатат», - деп билдиришти зоопарктан.

Учурда Кыял үчүн эки жагы тосулган атайын жай бөлүнүп, бир нече кызматкерлер аны көзөмөлгө алып жатышат.

Окуя тууралуу:

Чүй облусунун Жайыл районундагы Моңолдор айылынын тургуну Э.А. эликтин баласын үйүндө кармап, багып жүргөн. Бул тууралуу АКИpress агенттиги Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына шилтеме берүү менен билдирген.

Маалыматка караганда, 11-сентябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Жайыл, Панфилов райондору жана Кара-Балта шаары боюнча инспектору Жоомарт Байтерековго Моңолдор айылынын жергиликтүү тургуну үйүндө чаарчык багып жатканы тууралуу билдирүү келген.

«1969-жылы туулган А.Элмиранын үйүнөн кичинекей элик табылды. Аны 2 ай баккан, демек бир айлык кезинде кармап алган», - деди ал.

А.Элмира аталган жапайы жаныбарды ага белгисиз адамдар таштап кеткенин, аны сүт менен бакканын билдирди.

Инспектор жаныбарды алып кетүү боюнча акт жана протокол түзүп, аны мал доктурга өткөрүп берди.

«Мал доктурлар жапайы жаныбардын ден соолугу жакшы экенин билдиришти. 12-сентябрь күнү ал Караколдо жайгашкан "Бугу Эне" коомдук фондуна жиберилди. Элик Кыргызстандын кызыл китебине кирген эмес, бирок аны кармоого тыюу салынган. Ошондуктан соттун аныктоосу боюнча Моңолдор айылынын тургуну административдик жазага тартылышы керек», - деди Ж.Байтереков.

Ал акыркы жылдары Кыргызстанда жапайы жаныбарлардын саны кыскарып баратканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 419
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу