Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук З.Иязбекова айылдаштарына түрдүү кийимдерди тигип берет (фото)

Turmush -  Тоң районунун Кажы-Сай айылынын 59 жаштагы тургуну Зоя Иязбекова тикмечилик менен алектенип, айылдаштарына кийимдердин түрүн тигип берет.

З.Иязбекованын айтымында, кийимдердин дизайнын дагы өзү түзөт.

«Мен 10-классты бүтүп, Бишкек шаарындагы 1-май фабрикасында тикмечи болуп иштеп калдым. Айылга турмушка чыкканда Кажы-Сай электр заводунда иштедим. Союз тарагандан кийин Бишкекте жеке цехтерде тикмечи болуп иштеп жүрүп, кийим тиккенди толук үйрөндүм. Айылга келгенде атайын кийим тигүүчү машина сатып алып, айыл тургундарына кийим тигип баштадым. Тоң, Бөкөнбай, Кажы-Сай айылынын тургундарына кышкы, жайкы кийимдерди тигип берем. Борбордогу базардан кездемелерди сатып алып келип коём. Көйнөктөн баштап, шым, костюм, кышкы пальто, улуттук кийимдерди тиге алам. Кийимдердин дизайнын дагы өзүм түзөм. Тиккен буюмдарды айылдагы тургундардын капчыгына жараша сатам», - деди ал.

З.Иязбекова тикмечилик менен жылына 100 миң сом киреше табат. Ал 3 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 568
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×