Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Видео — Баткенде кечээ куткарылган 2,5 жаштагы Нурислам бүгүн да жоголуп, кайра табылды

Turmush -  Кечээ, 12-сентябрда Баткен шаарындагы арыктын суу түтүгүнө кыпчылып калып куткарылган 2,5 жаштагы Нурислам Шумкарбеков бүгүн да кайра жоголуп, милиция кызматкерлери таап келишти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Баланы кечээ куткарып калган куруучулардын айтымында, окуя саат 14:30 чамасында И.Раззаков көчөсүндө болгон.

«Биз курулушта иштеп жатканбыз. Алгач анча маани берген жокбуз. 3 бала биз тарапты карап, крандын ары-бери иштеп жатканына кызыгып, жолдун четинде отурушкан. Бир аз убакыт өткөн соң шайтан араба менен келе жаткан бала арыктын ичинде жаш бала тыгылып калганын айтты. Барып карасак бала суу түтүктүн ичине бут жагы менен кирип калыптыр. Аны куткарып, милиция кызматкерлерине кабар бердик. Алар келип баланы алып кетишкен», - деди курулуштагы жумушчулар.

Ал эми, милициянын капитаны Улан Жумабаевдин айтымында, баланы ошол күнү чоң энесине өткөрүп беришкен.

«Бизге арыктын түтүгүнө кыпчылып калган бала куткарылгандыгы тууралуу маалымат келип түштү. Дароо эле ошол жерге жетип барып, баланын ысымын аныктап, туугандары тууралуу маалыматтарды чогулта баштадык. Алгач Нурислам Шумкарбековдон сураганыбызда ал эч нерсе айта алган жок. Андан соң биз аны сүрөтүн маалымат булактары аркылуу таратып, туугандарын сураштырдык. Унаага салып алып, эл көп жерлерге алып барып, элдерге көрсөттүк. Кечинде чоң энесине өткөрүп бергенбиз. Бүгүн баланын абалы менен таанышканы барганыбызда бала кайра жок болуп чыкты. Үйүнөн бир нече чакырым алыстан табылды. Кайра эле чоң энесинин колуна тапшырылып берилди», - деди ал.

Нурислам Шумкарбековдун 52 жаштагы чоң энеси Буатинса Юсупованын айтымында, небересинин ата-энеси Москва шаарына иштегени кетип, баланы өзү карап калган.

«Уулум менен келиним Москва шаарына кетишкенине 3 ай болду. Алардын баласын мен үйдө карап отурам. Кечээ неберем ойноп жүрүп, үйдөн чыгып кетип таппай калдым. Кечке издеп, акыры милиция кызматкерлери алып келишти. Бүгүн да бул окуя кайталанып, кайра эле милиция кызматкерлеринин жардамы менен табылды. Милиция кызматкерлерине чоң рахмат. Үйдө Нурисламдан сырткары кызымдын да баласын карап отурам. Үчөөбүз турабыз», - деди ал.

Окуя тууралуу:

Баткен шаарынын Раззаков көчөсүндөгү арыктын суу түтүгүнө кыпчылып жаткан жеринен табылган 2,5 жаштагы Нурислам жакындарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, бала укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан табылган. Анын ата-энеси Россияда иштеп жүргөндүктөн, башка жакындарынын кароосунда болчу. Кечээ, 12-сентябрда саат 14:30 чамасында көчөгө ойноп чыгып, бир топ алыска кетип калган. Нурислам жакшы сүйлөй албагандыктан жашаган дарегин айтып бере алган эмес. Иликтөөнүн жүрүшүндө ал Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну экени аныкталып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5772
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу