Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Айыл турмушу: Караколдук мугалим Л.Кашкороева кол өнөрчүлүк менен кошумча киреше табат (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын 48 жаштагы тургуну Лунара Кашкороева 23 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет.

Л.Кашкороеванын айтымында, кийизден ар кандай азем белектерди жасап, эс алуучуларга сатат. Кийизден үйгө кийүүчү бут кийимдерди тигип, аны сайма сайып кооздойт.

«Мен Т.Сатылганов атындагы мектеп лицей интернатында кол эмгек сабагынан мугалим болуп иштейм. Сабак учурунда окуучулар менен бирге паннолорду жасап, аларды көргөзмөгө алып чыгабыз. Кыздарга мындай тигүүчүлүк өнөр өтө керек. Ошондуктан жатаканада жатып окуган кыздарды ийримдерде бул өнөргө үйрөтөм. Мисалы бут кийимдерди жасоого бир күн убакыт кетет. Баасы 350-400 сом болот», - дейт Л.Кашкороева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 384
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу