Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Видео - Алматанын көчөлөрүндө акысыз тамак-аш салынган муздаткычтар пайда болду

Turmush -  Казакстандагы Алмата шаарынын көчөлөрүндө акысыз тамак-аш, азык-түлүктөр салынган муздаткычтар коюлду. Жергиликтүү КТК телеканалынын маалыматы боюнча, мындай кайрымдуулук долбоору Казакстанда алгачкы жолу ишке ашып, тамак-ашка муктаж болгондорго жардам берүү максатын көздөйт.     

«АКШда көчөдө коюлган муздаткычтарга тургундар тамак-аш салып кетишет. Аны муктаж болгондор алат. Мен бул иш адамдарды кайрымдуулукка гана эмес жарандык жоопкерчиликке да үйрөтөт деп ойлойм. Мындай долбоорду биздин өлкөдө да ачууну кааладым. Аталган долбоорду ишке ашыруу демилгесин досторум менен көтөрүп чыккам. Муздаткычтарга тургундар сактоо мөөнөтү өткөн тамактарды да салып коюшу мүмкүн. Ошондуктан ал жерге дүкөн ээлери гана тамак-аштарды салышат», - деди долбоордун негиздөөчүлөрүнүн бири Алихан Байконуров.  

Алар шаарды кыдырып, долбоорду колдогон үч адам табышканын жана алардын бири жергиликтүү дүкөндүн ээси экенин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 630
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу