Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Нарын

Жумгалда эки мектептин алдынан өткөн унаалар окуучуларга кооптуу жагдайды жаратууда (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы М.Алыбаев менен Т.Турсунбаева мектеп-гимназиясынын мугалимдери мектептин алдынан тынбай каттаган унаалар окуучуларга кооптуу жагдай жаратканына нааразы. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мугалимдер билдиришти.

Алардын айтымында, жол куруучулар борбордук унаа жолун жаап салгандан бери мектептин алдынан унаалар тынбай каттап, окуучуларга тоскоолдук жаратып келет.

«Эмне үчүн мектептин алдынан унаалар тынбай каттап жатат? Окуучулардын коопсуздугун ким карайт? Жолду тездетип жасап, борбордук жолду ачып беришсе жакшы болот эле. Антпесе мектептин алдынан тынбай өткөн унаалар балдарга кооптуу жагдай жаратып жатат. Кырсык болсо ким жооп берет?», - деп билдиришти мугалимдер. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 572
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×