Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Чаң жуткан чаектиктер жол куруучулардан жолго суу сээп турууну суранышат (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын тургундары борбордук жолду асфальттап жаткан куруучулардан жолдун курулушун тездетүүнү суранууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Кубан Камчыбеков билдирди.

Анын айтымында, борбордук жолдо тез арада асфальттоо ишин баштабаса кеч болуп, быйыл да бүтпөй калат.

«Ушул жолдун азабын көп жылдан бери тартып келе жатабыз. Мейли оңдошсун, бирок тез арада оңдобосо суук түшкөнгө чейин жетишпей калабыз. Жолду куруп жаткан ишкананын кызматкерлери 2 жумадан бери дайынсыз. Биз чаңга бөлөнүп калдык, суу сээп турган унаалары жок. Суу сээп коюшса ары-бери каттаган унаа деле жолду таптап коймок», - деди К.Камчыбеков.

Бул маселе боюнча райондук №24 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Зарылбек Моңошов жол куруучулар иштеп жатканын айтып, элди сабырдуулукка чакырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 437
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу