Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баткен

Кадамжайдагы жайыттарга сөксөөл дарактарын тигүү демилгеленди

Turmush -  Кечээ, 12-сентябрда Кадамжай районунда сөксөөл дарактарын тигүү боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, анда Кадамжай районундагы жайыттардын тоют базасын жогорулатуу жана жайыт ресурстарынын абалын жакшыртуу үчүн жайыт коргоочу сөксөөл тилкелерин түзүү маселеси каралды. Кадамжай районунда сөксөөл тигүүнүн оптималдуу мөөнөтү декабрь-январь айларына туура келет. Сөксөөл уруктары эгилгенден баштап, 3 жылга чейин ал аймактарга мал жаюуга тыюу салынат. Сөксөөл үрөнү көп эгилсе жайыттардагы тоюттун сапаты жогорулайт, топурактын деградациясы төмөндөйт жана биотүрдүүлүк көбөйөт.

Мындан мурда Кадамжай районунда 280 гектар жерге сөксөөл эгилген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1761
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×