Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Айыл турмушу: Жалал-Абадда өскөн нарындык дарыгер А.Каратаева 30 жылдан бери медицина тармагында кызмат кылып келет (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну Айчүрөк Каратаева 30 жылдан бери медицина тармагында иштеп келет. Ал өз кесибинин мыкты адиси гана эмес, 36 жыл бирге жашаган жолдошунун сүйүктүү жары, 3 уул, 2 кыздын мээримдүү энеси жана 9 неберенин бактылуу чоӊ энеси. «Жылдын мыкты дарыгери» наамын алган сокулуктук медайым менен аймактык кабарчы таанышты.

WhatsApp Image 2017-09-13 at 08.51.47

«Биздин жумуш оор деле эмес. 30 жылдык тажрыйбанын арты менен өз ишим мага оӊой. Күнүнө 50-60ка жакын кишини кабыл алам. Азыркы мезгилде биохимиялык анализдер менен иш алып барабыз. Бирок анын баасы бир аз жогорулаган, себеби келген реактивтердин баасы кымбат. Бизге Антимонополия бааны коюп берет. Ошонун негизинде анализдин баасы 2-3 эсеге кымбаттаган.

Жумуш убактысында ар кандай көӊүл жибиткен кубанычтуу учурлар көп болот. Айрым бейтаптар түшүнбөй, көӊүлүбүздү оорутуп кеткен күндөр да жок эмес», - деди ал.

Айчүрөк айым бир топ сыйлыктардын ээси болгон.

«Көп сыйлыктарды алдым. Кудай буюрса эмгек жамаатыбыз "Саламаттыкты сактоонун мыкты кызматкери" наамына көрсөтүшөт деп ойлоп турам. Өзүм Жалал-Абад облусунда төрөлгөм. Бирок ата-тегим Нарын облусунун Ак-Талаа районунан болот. Ал эми, жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга быйыл 36 жыл болду. Ушул 35-36 жылдын ичинде көп жакшылык күндөрдү өткөрдүк. Муктаж үй-бүлөлөргө дайым колдоо кылчубуз. Ошол себептен кудайым бизди да эч нерседен кем кылган жок. Жаштагыбыз ар дайым барчылыкта өттү. Жолдошум табышкер болуп, үй-бүлөнү жакшы бакты. Биз үй-бүлө куруп, табышып калганыбызга улуу кайнагам себеп болгон. Кээде үйгө конокко келгенде сыймыктанып айтып калат. Биз ал кишинин тааныштыруусу менен бири-бирибизди жактырып, баш коштук. Кудайга шүгүр, бактылуу үй-бүлө курдук», - деди ал.

Сокулуктук медайым аял кишинин үй-бүлөдө орду өтө маанилүү экенин белгиледи.

«Үй-бүлөдө аял кишинин орду өтө чоӊ. Барды жок кылган, жокту бар кылган да аял. Жакшы эрди бий же жакшы эрди жок кылган да аял деп айтышат. Мен буга кошулам. Себеби аял киши үйдүн куту, балдардын энеси. Үйдүн тынчтыгын, бейкуттугун орноткон, үйгө кутту алып келген аял киши деп эсептейм. Майда-барат нерселерге аял киши көӊүл бурбаш керек. Үй-бүлөнүн ыркынын кетишине майда-чүйдө көйгөйлөр чоӊ себеп болот. Үйдүн берекеси, тазалыгы, тамактын даамдуулугу, үй-бүлөнүн маанайы аял кишиден көз каранды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 366
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу