Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Нарын

Нарында «Жыл мугалими - 2017» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы К.Жакыпов атындагы орто мектебинде «Жыл мугалими - 2017» облустук кароо-сынагы өтүп, анын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга облустук усулдук билим берүү борборунун жооптуу кызматкери Рысбек Чымырбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган кароо-сынакка Кочкор, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондорунан жана Нарын шаарынан келген конкурсанттар катышты. Сынактын жыйынтыгында калыстар тобу 4 наам боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташты.

«Жыл мугалими - 2017» наамы Нарын шаарынан келген мугалим Самара Исмаиловага, «Мыкты инновациялык мектеп» наамы Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы орто мектебине, «Жылдын мыкты айыл мектеби» наамы Ак-Талаа районундагы М.Базаркулов атындагы орто мектебине, «Жылдын мыкты бала бакчасы» наамы Ак-Талаа районундагы «Алтын муун - Наристе» бала бакчасына ыйгарылды. Жеңүүчүлөргө Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун тиешелүү даражадагы дипломдору тапшырылып, республикалык сынакка катышууга жолдомо берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4876
Көп окулду
×