Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баткен

Лейлекте «Кулунду» суу бекети оңдолууда

Turmush -  Лейлек районунун «Кулунду» суу айдоочу бекети оңдолууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Чербековдун айтымында, 1963-жылы ишке берилген бекеттин суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткен. Аны оңдоо иштерине республикалык бюджеттен 5 млн сомдон ашуун акча бөлүнгөн. Жалпысынан 315 метр аралыктагы суу түтүктөрү жаңыланат. Жарактуу түтүктөрдүн калыңдыгы 7-8 мм түзүшү керек болсо, учурда эскилиги жеткен түтүкчөлөрдүн калыңдыгы 1 мм гана түзүп калгандыктан суу айдалган учурда үзгүлтүктөргө учурап турган. Оңдоо иштеринен кийин Кулунду айылынын 600 гектар жер аянты сугат суу менен камсыз болот.

Ширетүүчү кызматын аркалаган жумушчу Ташболот Оруновдун айтымында, түтүктөрдү жер астынан алып өткөрүүдө гана кыйынчылык жаралган.

«Жер астынан алып өткөндөгү кыйынчылыкты эске албаганда калган жумуштун оорчулугу деле жок. Тескерисинче барыбыз кубануу менен иштеп жатабыз. Бул ишти соңуна чыгарсак барыбыз үчүн жакшы болот», - деди Орунов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1401
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×