Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Нарын

Жумгалда эки көзү көрбөй калган 17 жаштагы Эламан өкмөт башчыга кайрылды (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын 17 жаштагы тургуну Эламан Дуулатбек уулу өкмөт башчы Сапар Исаковго кайрылды.

Эламан Дуулатбек уулу 2000-жылы 24-декабрда туулган. Ал үйдө 7 бир тууган, 5 эркек жана 2 кыз, Эламан эркек балдардын бешинчиси. Апасы Кайырбүбү Нуралиева 1972-жылы туулган, учурда жумушсуз, үйдө дыйканчылык менен алектенсе, атасы Дуулатбек Исаев 2005-жылы кайтыш болгон.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Эламан апасы менен кыргыз өкмөтү тарабынан Түркиянын Анкара шаарындагы Анкара билим изилдөө ооруканасына барган. Бирок ал жердин дарыгерлери операция кыла албай тургандыгын билдирип, Стамбулга менчик ооруканага жиберишкен.

Апасы Кайырбүбү Нуралиева учурда Стамбулдан баласынын көзүнө операция кылууга керектүү 300 миң сомдун тегерегинде акча каражатын таба албай убара болууда.

«Ушу баламдын көзү көрүп кетүүсүнө ишенем. Баламды жетелеп жүрүп жүрөк оорулуу, нерв оорулуу болуп бүттүм. Урматтуу Сапар Жумакадырович, балама чет жактан операция жасатууга каражат таба албай кыйналып келем. Интернет аркылуу коомчулукка, жалпы журтка кайрылууга аргасыз болуп отурам. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо баламдын операциясына жардам берүүңүздү өтүнөм. Уулум экөөбүздүн сизден чоң үмүтүбүз бар», - деди К.Нуралиева.

Эламан келечекте элге ыйман, ынсап тынчтык жана бейпилдик чакыра турган имам болгусу келерин жана апасы, бир туугандарын бага турганын айтты.

«Урматтуу Сапар Жумакадырович апам көзүмдү операция кылууга керектүү каражатты таба албай жаткандыктан сизге кайрылуудамын. Мага жардам берүүңүздү өтүнөм. Менин көп максаттарым бар, аны ишке ашыруум керек», - деди Э.Дуулатбек уулу.

Жардамга муктаждын банктагы эсеби:
- Алуучу: Нуралиева Кайырбубу Адыбаевна;
- Банктагы эсеби: № 1290283480000089;
- Байланыш телефону: 0700021672, 0778530896.

Тема боюнча: 16 жаштагы Эламан Түркиядан 2 көзүнө операция жасатып келүү үчүн материалдык жардамга муктаж (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2826
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
mirbekasanaliev
19:42, 12 сентября 2017
Жумгалда аким отказ берген жок. Которобуз деп эле жаткан бирок которуша элек. Жалпы райондогу мекеме, айыл өкмөт башчыларга кат кеткен, жаштардын атынан жана акимдин атынан 1 күндүк эмгек акы боюнча. Бирок эч кимиси аткара элек. Суранып кетет элем Урматтуу район акими Адыл Сапаров бир көзөмөлгө алып койсоңуз жакшы болот эле. Сентябрь айын менен каражат чогулуп калса октябрда Стамбулга ьарып операция кылып келсе жакшы болмок . Эламандын тилек, максаттарын ишке ашырсак Кудайым ыраазы болот эле. Кайдыгер карабай чакырып кетет элем.
Азыр социалдык ролик жана акция өткөрүү планындабыз.
Нет аватара
mirbekasanaliev
19:38, 12 сентября 2017
Цитата: moison 19:36, 12.09.2017
Эмнеси болсо да кеч эмес, эмитен ойлонуп иш кылса баары болот. Жаштар акция болот деп атышты эле?
Мирбек Асаналиев деген патриот жан дили менен иштеген жигит бар эле, ал кайда жүрөт? Акция кылчу элеңерго качан баштайсыңар?

МЕН МЫНДА МЕН БАРМЫН. ЖАКЫНДА БАШТАЙЛЫ ДЕП ТУРАБЫЗ. АЙЛА КЕТИП КАРАЖАТ ЧОГУЛБАЙ САПАР ЖУМАКАДЫРОВИЧКЕ КАЙРЫЛЫШТЫ
Нет аватара
moison
19:36, 12 сентября 2017
Эмнеси болсо да кеч эмес, эмитен ойлонуп иш кылса баары болот. Жаштар акция болот деп атышты эле?
Мирбек Асаналиев деген патриот жан дили менен иштеген жигит бар эле, ал кайда жүрөт? Акция кылчу элеңерго качан баштайсыңар?
Нет аватара
JUMGAL.KG
19:34, 12 сентября 2017
Эламандын максат, тилегин орундатыш үчүн болгон аракетти жумшайлы Урматтуу мекендештер. Бир күндүк эмгек акыңыңдарды аянбай эле которуп берсеңер жакшы болмок. Сиздерде да балдар бар, сиздерде да кыздар бар, башка эч качан жамандык иш түшпөсүн.
Район акими тескер сийип атса анда жаман экен. Шайлоонун богун жеп элди үндөбөй кайрымдуу иштерди жасашса болмок. Акимге уят чынында уят.
Нет аватара
JUMGAL.KG
19:31, 12 сентября 2017
Цитата: moison 19:27, 12.09.2017
Бир кундук эмгек акысын ушу баладан аянган Жумгалдын акими Адыл Сапаровго жол болсун. Райондогу бардык мекемелерди, айыл окмотторду которттурам каттар кетти деди эле алар эмес озу жок. Ушу эки козу корбой колдоо сурап жаткан Эламанга поддержка бере албаган акиминди ске

ЖУМГАЛДЫН АКИМИ ОШЕНТСЕ АНДА ИТ ЭЛЕГО АЛ...БОЛБОСО ЭМДИГИЧЕ ЧЫНЫНДА ЖАРДАМ БЕРМЕК ДА. БЦЛАРЫҢ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ КЕЛГЕНДЕ 12 БОЗ ҮЙ ТИГИП, ЖЫЛКЫ СОЮШСА АКЧА ТАБЫШАТ, А МЫНДАЙДА ТАППАЙ КАЛЫШАТ УЯТ АКИМГЕ УЯТ ЖАНА НААЛАТ
Нет аватара
moison
19:28, 12 сентября 2017
Баары жакшы болои буюрса Сапар Исаков мырза баарына камкор, эл адамы жаш десе жаш кайдыгер карабайт деп ишенем. Сапар Жумакадырович Сизден колдоо керек бул уйбулоого
Нет аватара
moison
19:27, 12 сентября 2017
Бир кундук эмгек акысын ушу баладан аянган Жумгалдын акими Адыл Сапаровго жол болсун. Райондогу бардык мекемелерди, айыл окмотторду которттурам каттар кетти деди эле алар эмес озу жок. Ушу эки козу корбой колдоо сурап жаткан Эламанга поддержка бере албаган акиминди ске
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×