Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Нарын

Кочкордо 2 унаа кагышып, жүргүнчүлөрү жабыркады

Turmush -  Нарын облусундагы Кочкор районунун Коржу-Булак тилкесиндеги Кочкор—Кум-Дөбө унаа жолунун 10-чакырымында «Ауди-80» жана «Тойота Виндом» үлгүлөрүндөгү унаалар кагышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка караганда, жол кырсыгынын кесепетинен «Ауди-80» унаасынын 1976-жылы туулган айдоочусу Т.Б. жана 1982-жылы туулган жүргүнчүсү К.Г. унаага кыпчылып калып, жеңил жаракат алышты. ӨКМдин 3 куткаруучусу жабырлануучуларды унаадан чыгарып, тез жардам кызматынын дарыгерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда жаракат алгандар Кочкор райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө дарыланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 518
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×