Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Айыл турмушу: Д.Жуманазаров чемпиондукту багындырган балбан кыздарды машыктырган (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын 62 жаштагы тургуну Дүйшөн Жуманазаров спортчу кыздарды биринчилерден болуп машыктыра баштаган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1975-жылы аскердик милдетин өтөп келип, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтуна тапшырып, 1980-жылы эркин күрөш бөлүмүн аяктаган.

«Алгачкы эмгек жолумду 1981-жылы Бакай-Ата районунда өспүрүмдөрдүн спорт мектебинде баштадым. Эң алгач 1986-жылы Тазабеков Исламбек аттуу окуучум кадеттер арасында Европанын биринчилигинде коло медаль алды. Ошол эле жылы дагы бир окуучум жакшы байгелүү болду. Менин машыктыруучу катары эмгек жолумда бул жеңиштер чоң шык берди. Окуучум Бөрүбеков Максат 3 жолу катары менен СССРдин жаштары арасында биринчиликти алды.

1992-жылы «Эмгек сиңирген машыктыруучу» наамын алдым. Сокурдун эңсегени эки көз болсо, машыктыруучунун эңсегени таптаган спортчунун ийгилиги болот экен. Эмгек жолумда 20дан ашык СССР спорт чеберлерин, эл аралык класстагы 5 спорт чеберин чыгардым», - деди ал.

Каарманбыз буга катар эле чемпиондукту багындырган балбан кыздарды кантип машыктырганын айтып берди.

«Алгач Бакай-Ата районунда кыздарды күрөшкө тартып машыктыра баштадым. Бирок ошол кезде элде түшүнүк башкача эле. Аны жоюу үчүн өзүмдүн кыздарымды машыктырып, ар кандай мелдештерге катыштыра баштадым. Кийин Кыргызстан айылынан, 1-Май айылынан кыздар чогулушту. Аларга теңтуш кыздар кызыгып, саны көбөйдү. Алардын арасынан жакшы жыйынтык көрсөткөн окуучуларым — Азия чемпиону Мээрим Жуманазарова менен дүйнө чемпиону Айпери Медетбек кызы. Аларды 5-классынан баштап машыктырдым. 1,5 жыл мурун аймактын деңгээлинен өссүн деп Бишкек шаарына жөнөттүм.

Кыздарымдын жетишкендиги жана эмгек жолумдагы көрсөткүчтөрдүн негизинде 2016-жылы президент Алмазбек Атамбаевден сыйлык алдым. Ар бир окуучумдун жетишкен ийгилиги менин дагы ийгилигим», - деди ал.

Машыктыруучу 7 кыз, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 386
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу