Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Ош шаарындагы жармаңкеге чет өлкөлөрдөн 70тен ашык ишкерлер келишти (видео, фото)

Turmush -  Бүгүн, 12-сентябрда Ош шаарында «YugExpo-2017» эл аралык жармаңкенин ачылыш аземи болду. Аземге Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош, Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарлары, соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев, Өзбекстандагы Андижан облусунун соода-өнөр жай палатасынын президенти Умурбек Тажибаев жана Кытай мамлекетинин Кызыл-Суу автономиялуу облусунан, Өзбекстан, Россия, Казакстан, Беларусь Республикасынан, Иран мамлекетинен келген ишкерлер катышууда.

А.Кадырбаев ишкерлерге колдоо көрсөтүү менен гана өнөр жай тармагын өнүктүрүп, жумуш орундар түзүлө турганын билдирди. Көргөзмө-жармаңкеге Кытайдын, Өзбекстандын 70тен ашуун өндүрүшчүлөрү, өлкөнүн түштүк регионундагы ишкерлер өндүргөн товарларын коюшкан.

М.Шаршекеев бул жармаңкени тушоо той менен салыштырып, мындан ары жыл сайын өткөрүлө турганын белгиледи.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2021
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×