Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Нарын облусунда 287 млн сомго курулган билим берүү мекемелери пайдаланууга берилди

Turmush -  Нарын облусунда 2016-2017-окуу жылында 4 мектеп, 2 бала бакча, 4 кошумча имарат, 1 спорт зал курулуп, пайдаланууга берилген. Бул тууралуу облустук билим берүү усулдук борборунан Автандил Жанбоев билдирди.

Анын айтымында, Ат-Башы районунда 225 орунду А.Осмонов атындагы мектеп, Ак-Талаа районунда 275 орундуу Байымбет орто мектеби, Нарын районунда 225 орундуу Р.Усубалиев атындагы мектеп, Кочкор районунда 275 орундуу О.Айбашов атындагы мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, пайдаланууга берилди.

Ошондой эле, Ак-Талаа районунда 80 орундуу «Терекке-Береке» бала бакчасы Жер-Үй тарабынан, Нарын районундагы «Умсунай апа» бала бакчасынын кошумча имараты демөөрчү тарабынан, Нарын шаарындагы «Ак-Дил» бала бакчасы чет элдик фонддун жана жергиликтүү бюжеттен, Нарын районундагы 50 орундуу «Чет-Нура» бала бакчасы жана Алыш мектебинин спорт залы бүткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 491
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×