Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Фото - Ошто окуучу кызга сүйүүсүн арнап, аны бычак менен кубалап жүргөн жигит кармалды

Turmush -  Ош шаарынын И.Раззаков көчөсүндө кечээ, 11-сентябрда саат 22:30 чамасында 1999-жылы туулган М.А. окуучу кызды бычак көтөрүп кубалап жүргөн жеринен кармалды.

Жабырлануучу окуучу кыздын айтымында, аны кубалаган жигит ага сүйүүсүн билдирген.

«Мен 17 жаштамын. Ал бала менен курбу кызым аркылуу 31-август күнү көчөдөн таанышкам. Ошондон бери жолуккан эмесмин. Бүгүн кокустан көчөдө жүргөн жерден жолугуп калсам, ал мени бычак менен кубалады. Ал жигит мага эртең дагы кол салышы мүмкүн. Ошондуктан жашоомо коркунуч келтирбеши үчүн жоопко тартууну суранам», - дейт окуучу кыз.

Милиция кызматкерлери жигиттин колундагы бычагын алып, тергөө бөлүмүнө өткөрүшкөн. Учурда аталган факты боюнча Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн тергөөчүлөрү тарабынан териштирүү иштер жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9185
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
sovietbek
16:43, 13 сентября 2017
жинди эшек!
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу