Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Кулчулуктагы 12 жыл: Ноокаттык Камила 3 айлык кызы, 9 жаштагы уулу менен бирге сатылган (видео, фото)

Turmush -  Ноокат районундагы Кара-Таш айылынын тургуну Камила Исраилова 12 жыл мурун эки баласы менен Казакстанга барып, жергиликтүүлөргө кулчулукка сатылган. Бир тууган бөлөсүнө алданган эне 12 жылдан кийин өз жерине кайтып келгенин көзүнө жаш алып айтып берди.

Казакстанга бирге кеткен 3 айлык кызы быйыл 12 жашка, ал эми 9 жаштагы уулу 21 жашка толду. Ар кимдин коюн кайтарып, апасына баш-көз болгон уулу Таабалды 21 жашка толгонуна карабай кат сабаты жоюлган эмес.

«Жолдошум менен ажырашып, 2 балам менен агамдын үйүндө жашап жаткам. 2005-жылы бир тууган бөлөм Айгүл Казакстанга барып иштеп келүү сунушун киргизди. Ал: "биз тамекиде иштейбиз, сен бизге тамак жасап, ашпозчу болосуң" деди. Мен ага ишенип, иштеп келейин деген ой менен Казакстанга бардым. Баргандан кийин уулумдун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен менин паспортумду алып койду. Кызымдын күбөлүгүн жашырып калганга араң жетиштим. Андан кийин уулум экөөбүздү казактарга 60 миң теңгеге (казак теңгесинин 2006-жылдын май айындагы курсу менен 12 миң 600 сом) сатып жиберди. Мен бизди сатып алган кишилердин кирин жууп, малын кайтарып жүрдүм. 4 жыл өтө кыйналып жашадык.

2009-жылы дудук казак кишиге турмушка чыктым. Ал менин кызымды окутту. Ал эми, уулум көрүнгөндүн малын кайтарып жүрдү», - деди көзүнө жаш алган Камила айым.

Ошондой эле, уулу Таабалды көп кыйынчылыктарды көрүп, бутун трактор тебелеп кетсе дагы ооруканага барган эмес. Учурда суук түшкөн сайын буту ооруйт. Казакстанда ага тиешелүү 15ге жакын кой калганын айтты.

«Өгөй атам жакшы киши болчу. Бирок мени анын балдары батырышкан жок. Мен ар кимдин малын кайтырып, айына 8-9 миң теңгеге иштеп жүрдүм. Апам менен карындашыма дагы жардам берип турчумун. Көп жыл мал кайтарып жүрүп, бирок кыргыз көргөн жокмун. Бутумду трактор тебелеп кеткенде документим жоктугунан ооруканага кабыл алышкан жок. Өзүмдүн заарам менен гана бутумду айыктырдым. Ошондон кийин 4 ай иштебей үйдө жатып, ушул жылдын башында гана Баатыр деген кыргыз байкеге жолугуп калып, ага арманымды айттым. Анын жардамы менен өз өлкөмө келдик», - деди Таабалды.

Таабалды менен апасы 2017-жылдын 19-апрелинде Кыргызстанга келишкен. Ал эми бир тууган карындашы Айгерим июнь айында окуу аяктагандан кийин келди. 5-класска чейин Казакстанда билим алган Айгерим өгөй атасы жакшы адам экенин айтты.

«Мен тилден кыйналган жокмун. Эми кыргыз тилин үйрөнүп жатам. Казакстандагы атам мени жакшы көрчү. Акча сурасам дайыма берип турчу. Азыр бул жакта окуп жатам. Курбуларыма көнүп калдым. Классташтарым мени жакшы кабыл алышты», - деди ал.

Алты саны аман кеткен жалгыз бой эненин учурда ден соолугу жакшы эмес. Таабалды да кекечтенип сүйлөйт. Анын өз атасы мындан 4-5 ай мурун көз жумганын кошумчалады.

Жер тилке алып, үй курууну каалаган Таабалды атасынын үйүнө барса туугандары жакшы кабыл алган эмес. «Жер алуу үчүн атама бардым. Бирок атамдын көзү өтүп кеткен экен. Туугандарым мени жакшы кабыл алышкан жок», - деп кошумчалады Таабалды.

Таабалдынын бөлөсү Нурсултан Кудайберди уулу таежесин издеп, «Кайдасың?», «Жди меня» телеберүүлөрүнө чейин кайрылып, бирок таба албаганын билдирди.

«Таежемди алып кеткен Айгүл алардын дарегин айтпай келген. Кийин милиция кызматкери менен барганда гана казак кишиге турмушка чыкканын айтып, өгөй балдарынын телефон номурун таап берди. Андан кийин биз телефон менен сүйлөшүп жүрдүк. Быйыл кыргызстандык Баатыр байкенин жардамы менен суу бойлоп, 4 күн дегенде качып келишти. Документтери жоктугунан дарыяны кечип өтүүгө мажбур болушкан. Камила таежем сууга агып кетип, бир өлүмдөн калыптыр. Ал эми, кызы 2 айдан кийин Жогорку Кеңештин депутаты, Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жардамы менен алынып келди. Учурда таежем менен бөлөмө паспорт алып бердик. Айыл өкмөт азырынча жер тилке жок экенин билдирди», - деди Нурсултан.

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн билдирүүсү боюнча, учурда кайрак жерди трансформациялоо иштери жүрүп жатат. Бул иштер аягына чыкса жерге муктаж жарандарга жер бериле турганын Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Бекмурат Баатыров билдирди.

«Бизде 675 адам жер алууга кезекке турушкан. 40 гектар кайрак жерди трансформациялоо иштери аяктаса, алкачкылардан болуп мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жер берилет», - деди Б.Баатыров.

Таабалды кат сабаты жоюлбай калганына нааразы эмес. Анын башкы максаты — үй куруп, апасы менен карындашын багуу.

Ал эми, бул үй-бүлөнү сызга отургузган бөлөсү Айгүлгө Ноокат ШИИБ тарабынан кылмыш иш коголуп, иш сотко өткөрүлгөн. Бирок кечээ, 11-сентябрь күнү айыл аксакалдарынын кийлигишүүсү менен арыздануучулар тосмо арыз жазганы белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14751
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×