Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Өз келини өлтүргөн аялдын денесин таштандыдан таап, милицияга жардам берген А.Нурбаева сыйланды (фото)

Turmush -  Ош шаарында адам өлтүрүү фактысынын бетин ачууга жардам көрсөткөн 4 адам грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Милиция кызматкерлери менен активдүү кызматташкан жашоочуларга сыйлык ШИИБдин башчысы Кылычбек Жолдошов тарабынан бүгүн, 11-сентябрда тапшырылды.

Сыйлыкка татыгандардын арасында ѳз келининин колунан каза болгон А.Жумагүлдүн денесин таштанды челектен тапкан «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкери Айзада Нурбаева дагы бар.

«Ишкананын кызматкери баштыктагы денени байкап, бирок милиция кызматкерлерине билдирбегенде кылмыштын бетин ачуу татаалдашмак», - деп айтылат маалыматта.

А 11

Башка оор кылмыштардын бетин ачууга жардам берген 3 жаран кошо сыйланды.

Окуя тууралуу:

27-август күнү саат 10:30 чамасында Ош мамлекеттик социалдык университетинин имаратынын түштүк тарабындагы таштанды салынуучу контейнердин ичинен «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери тарабынан аял кишинин башы жок денеси табылган. Ыкчам тергөө тобу маркум Оштогу Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынын 1966-жылы туулган тургуну А.Жумагүл экенин аныктаган.

Өз келининен ажал тапкан эне Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылындагы үйүнөн 31-август күнү акыркы сапарга узатылды. Диний кызматкерлер башы табылбай жаткан аялды жерге берүүгө уруксат беришкен.

Таштанды салынган контейнерден маркумдун кофтасы, жансыз дене оролгон кѳшѳгѳ, жүк жапкыч жана чаар баштык да чыккан.

Ыкчам иликтөөлөрдүн алкагында А.Жумагүлдүн мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча 25 жаштагы келини жана анын бир тууган эжеси камакка алынып, тергөө иштери улантылып жатат.

29-августка караган түнү саат 01:00 чамасында бул оор кылмышка шектүүлөр – 1992-жылы туулган У.А. жана 1980-жылы туулган Г.К. Ош ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалган.

Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, шектүү келин көрсөтмөсүндө маркум кайын энеси уулу менен жашатпай турганын айтып келгенин билдирген. Маркум аял окуяга чейин эки күн мурун уулу менен келини жашап жаткан үйгө мейманга барганы маалым болду.

Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, маркум аял, шектүү келин жана анын эжеси дагы үй-бүлөлүү. 25 жаштагы келин 1 уул, 1 кыздын энеси.

«26-август күнү эртең мененки саат 07:00 чамасында келиндин күйөөсү жумушуна кеткенде келин менен кайын эненин ортосунда кайрадан ажырашуу тууралуу чыр чыккан. Болжол менен саат 09:00 чамасында ачууланган келин сырттан таш алып кирип, кайын энесинин башына бир нече жолу урган. Анын каза болгонун билгенден кийин өзүнүн бир тууган эжесине телефон чалып, окуяны билдирген. Окуя маркумдун уулунун Ош шаарынын Навои кѳчѳсүндѳ жайгашкан үйүндө болгон.

Денени эжесинин Анар кичи районундагы үйүнө такси менен алып барып, балконго чыгарып коюшкан. Андан соң эжеси экѳѳ кеңешип, түштөн кийин балдарын сыртка алаксытып чыгарып, денени кескилеп, баштыкка салышкан. Алгач башын кесип, андан кийин буттарын дагы кескилөөгө аракет кылып, бирок кесе албай коюшкан. Түн киргенге чейин балкондо турган денени саат 21:30-22:00 чамасында такси менен Курманжан датка көчөсүндөгү таштанды челекке таштап кетишкен. Ал эми маркумдун башын эжеси К.Маркс мектебинин жанындагы таштанды салуучу контейнерге таштаганын айтууда. Учурда маркумдун башы табыла элек», - деди З.Сыдыков.

Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен козголгон кылмыш иш тергелип жатат.

Шектүү У.А.

А 5

Шектүү келиндин эжеси Г.К.

А 6

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4159
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×