Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Айыл турмушу: Нарындык Ж.Мусаев 1 койго бааланган ээрлерди жасайт (фото)

Turmush -  Нарын районунун Учкун айылынын 60 жаштагы тургуну Жолдош Мусаев ээр чаап устачылык менен алектенип келет. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, устачылык атасынан өткөн өнөр.

«Ээр чабуу ата-бабадан бери келе жаткан өнөр эмеспи. Бул өнөр өзүмдүн атамдан калган өнөр. Улуттук буюм катары аздектеп, аны унутта калтырбай ээр чаап келем. Атам чоң уста киши болгон. Ошол атамдан калган өнөрдү унутта калтырбай улам келем. Негизи 1 ээрди жасаш көп эле убакытты талап кылат. Алгач жыгычты өз калыбына келтирип чаппаса, формасы бузулуп калат. Жыгачты абдан кургатып анан жасайбыз. Ээрлердин айрымдарында тери капталат, сырткы тери көбүнчө төөнүн, уй же топоздун териси болушу керек. Терини алгач ийге келтирүү керектелет. Бир ээрди жасаш үчүн деле кеминде 1 жыл убакыт кетет. Учурда кыргыз ээр унутулуп, орус ээрге ооп бара жатышат», - деди ал.

Жасалган ээрлер мурда 1 тайга бааланса, азыр 1 койго бааланат.

«Азыр кыргыздын улуттук буюм-тайымдары унутта калып келет. Бирок арасында бешик, боз үй жана башка буюмдарды жасап келе жаткандар бар. Келечек муундагылар ээр, боз үй, соку, сок билек, жыгач буюмдарын жасашып, ушул нерселерди колдонушса жакшы болот эле. Анткени азыртан баштабасак мунун бардыгы унутулуп калат. Мага келип үйрөнөм дегендерге эшигим ачык», - деди ал.

Ж.Мусаев үй-бүлөлү 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 510
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу