Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолун оңдоо иштери аяктап жатат (фото)

Turmush -  Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолун оңдоо иштери аяктоо алдында турат.

Маалым болгондой, аталган унаа жолдун 272 чакырымынан 365 чакырымына чейинки аралыкты оңдоо иштери 2014-жылы башталган. Учурда 93 чакырымында оңдоо жумуштары бүткөрүлүүдө. 150 даана суу түтүктөрү коюлуп, 12 көпүрө салынды, анын сегизөө жаңы курулуп, төртөө оңдолду. 40 чакырым жол парапет менен тосулду. Нарын шаарында жана Оттук айылында 7 чакырым жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол жасалды. Ошондой эле, Нарын шаарындагы көпүрө оңдолду.

Мындан тышкары, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 539 чакырымына калыңдыгы 15 см болгон эки катмар асфальт төшөлүп, 500 жол белгилер коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 568
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×