Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Нарын

Нарын районунда балык кармоого чыгып, сууга агып кеткен 31 жаштагы жигит изделүүдө

Turmush -  Нарын районунда сууга агып кеткен 31 жаштагы жигит изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 10-июлда Жан-Булак айылынын 1986-жылы туулган тургуну, балык кармоо үчүн Нарын суусуна барып, агып кеткен.

Издөө иштерине ӨКМдин Суучулдар кызматы, ӨКМдин №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана ӨКМдин №42 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Учурда издөө иштери уланууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 940
Көп окулду
×