Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Видео, фото - Грецияда коло тагынган А.Талантбековдун жеңишинин урматына Теректе футбол уюштурулду

Turmush -  Ак-Талаа районундагы Терек айылынын 17 жаштагы балбаны Акылбек Талантбековдун жеңишинин урматына кичи мекенинде футбол боюнча мелдеш өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган футболдук мелдешке жалпысынан 5 команда катышып, жыйынтыгында 1-орунду «Баетов-Карасартов» командасы, 2-орунду «Тайлак баатыр» командасы, ал эми 3-орунду «Баетов-2» командасы камсыздашып, диплом жана спорттук кийимдер менен сыйланышты. 1-орунду жеңген командага кубок тапшырылды.

«Бул мелдешти жердешибиз дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын желегин желбиретип, коло медалды алууга жетишкен А.Таланбековдун жеңишинин урматына карата уюштурдук. Оюн абдан кызыктуу жүрдү. Баетов жана Терек айылдарынын спортчу жигиттери оюн талаасында кызыктуу беттеш өткөрүп бере алышты», - деди уюштуруучу Бакыт Түлеев.

Акылбек Талантбеков Грециянын Афина шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионатта коло медалды багындырып келген.

Тема боюнча: Видео, фото - Грецияда грек-римден коло медалды багынткан ак-талаалык балбан А.Талантбековду жердештери салтанат менен тосуп алышты

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 466
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу