Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Тагдыр: 11 жаштагы Равиль менен Абиль сүйлөй албай, оору менен күрөшүп жатышат (фото)

Turmush -  Манас районундагы Арал айылындагы 11 жаштагы эгиздер Рафиль жана Абиль 1-типтеги мукополисахаридоз (сөөктөр жана бириктирүүчү ткандар жабыркайт) оруусу менен ооруп, жардамга муктаж. Аймактык кабарчы эгиздердин абалын билип келди.

Балдардын атасы Кубатбек Жөнөтбековдун айтымында, эгиздердин оорусу тууралуу алар 6 жашка чыкканда билишкен.

«Жубайым Бактыгүл Барпиева экөөбүз 1999-жылы баш кошконбуз. Эгиз уулдарым Равиль менен Абиль 2006-жылдын 23-октябрында 2 кг салмак менен төрөлүшкөн. Экөө тең кадимки балдардай жакшы чоңоюп, калыптанып жатышкан. Аларга 6 ай болгон мезгилде катуу оорушуп, жандандыруу бөлүмүндө капельница менен 1 ай дарыланышты. Ооруканадан чыккандан кийин жакшы болуп калышкан. Бирок тилдери чыккан жок. Балдарым 5-6 жашка чыгып калганда 3 ай текшерүүдөн өтүп, райондук ооруканада коюлган диагноз туура эмес экенин билдик. Бул дартка 1 млн адамдын ичинен бирөө гана чалдыгышы мүмкүн экен. Аталган ооруну Санкт-Петербург шаарындагы ооруканада айыктырууга болот. Анын 1 курсттук дарылоосу 4 миң евро акчаны талап кылат. Биздин 5 балабыз бар. Аларга жөлөк пул катары 3800 сом алабыз. Эгиз уулдарым 2013-жылы 2-топтогу майып катары катталып, 3000 сомдон жөлөк пул алышат.

Учурда дыйканчылык менен алектенебиз. Андан тапкан каражатыбыз балдарымды дарылатууга жетпей жатат. Уулдарым ойношпойт, сүйлөй да алышпайт. Сүрөттөгүдөй абалда гана отура беришет», - деди ал.

Равиль менен Абиль 5 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 701
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу