Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Ак-талаалык мергенчилер Кууганды чөлкөмүнөн эки карышкырды атып алышты (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун жергиликтүү мергенчилери тарабынан Терек айылынын Кууганды чөлкөмүнөн 2 карышкыр атылды. Бул тууралуу мергенчилердин бири Илимбек Акматжанов аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 8-сентябрда Баетов айылынан Нурбек Акматжанов, Илимбек Акматжанов, Бексултан Сапарбеков жана Терек айылынан Жаныбек Жангазиев аталган чөлкөмдө карышкыр күч болуп, мал жандыктарга кол салып жаткандыктан уюшуп алып, аң уулоого чыгышкан. Алар бул аймактан жалпы 7 карышкырды көрүшүп, артынан аңдып, анын 2 карышкырын атып алышкан.

Бүгүн, 9-сентябрда мергенчилер атылган карышкырларды атайын комиссияга көргөзүшүп, аларга биркалар басылып, сыйлыкка жөнөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 901
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×