Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Президент А.Атамбаев Чекилдек айылындагы жаңы мектептин ачылышына катышты (фото)

Turmush -  Кочкордун Чекилдек айылындагы эки кабаттан турган 150 орундуу Кайыпбек Темиров атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылышына өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев катышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Президент А.Атамбаев жыйырма ноутбук менен бир проектордун сертификатын мектептин директору Нуржан Турукпаевге тапшырды.

«Билим ийгиликке жеткирет. Билимсиз ийгилик жарата албайсың. Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттерде билимге 3-5% каражат бөлүшөт. Биз быйылкы жылы 24% бөлдүк», - деди өлкө башчы.

Ал мектептин айланасын бош койбой жашылдандыруу маселесин жергиликтүү бийликке тапшырды. Өлкө башчысы мектептин кызыл тасмасын кесүүгө катышып, мектептин ичин көрүп, жаңы имарат сапаттуу бүткөрүлгөндүгүн белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 548
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу